Жогорку Кеңеш театрлар боюнча Каржы министрлигинин жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ишин “жетишсиз” деп тапты. Муну парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, 25-февралда Жогорку Кеңеште театрлардын жана жогорку, орто маданий окуу жайлардын абалы тууралуу парламенттик угуу өттү.
Жыйынтыгында өкмөткө, тиешелүү мамлекеттик органдарга маданият тармагын өнүктүрүү үчүн сунуштар айтылды. Өкмөткө көркөм өнөр жаатында иштеген кызматкерлердин турак жайына ипотекалык насыялоо чараларын көрүү тапшырмасы берилди.
Маданият министрлигине театрлардын репертуардык жана гастролдук так саясатын иштеп чыгуу, театр адистерин даярдоонун сапатын жакшыртуу чараларын колго алуу тапшырылды.