Сузак районунун Таш-Булак айыл округуна караштуу Жаңы-Чек тилкесинде курулуп бүтө элек имараттагы жер төлөдөн целлофан баштыкка салынган, ак футболкага оролгон 1 даана «Наган» үлгүсүндөгү тапанча, 14 даана 5.45 мм калибрдеги ок атуучу автоматтын октору, 2 даана жарылуучу заттар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Курал-жарактар жөнүндө маалыматты Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгендердин бири билдирди.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан иликтөө жүрүп жатат.