Жогорку Кеңеште “Демократтар” деген депутаттык топ түзүлдү. Муну парламенттин 26-февралдагы жыйынында депутат Равшан Жээнбеков билдирди. Айтымында, топто 4 мүчө бар.
“Ал топту Исмаил Исаков жетектейт. Мүчөлөрү: Бөдөш Мамырова, Өмүрбек Абдрахманов жана мен. Муну расмий түрдө билдирем”,- деди Жээнбеков.
Айта кетсек, буга чейин парламентте бир нече депутаттык топ иштеп келген.