Депутаттар “мөңгүлөр жөнүндө мыйзам кабыл алынса, Кумтөрдөгү мөңгүлөр корголот” дешти

Жогорку Кеңеште депутаттар “КРнын мөңгүлөрү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулашууда. Турсунбай Бакир уулу мыйзам кабыл алынып калса, “Кумтөр” боюнча жаңы келишимдин шарттарына колдонууга болобу?” деп сурады.

Демилгечи депутат Эркингүл Иманкожоева: “Албетте, иштейт. Кумтөрдөгү мөңгүлөрдү талкалоого, көчүрүүгө тыюу салынат. Алар жерди казуу иштери менен гана алектене баштайт. Башка өлкөлөрдө мөңгүлөрдү айланып өтүшөт, биз болсо 2 мөңгүбүздөн айрылып отурабыз”,- деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан