2014-жылдын 26-февралына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 487 миллион метр кубду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылы 12 миллиард 225 миллион метр куб болгон. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундуна 169 метр куб, агып чыккан суунун көлөмү секундуна 658 метр кубду түзүүдө.