Кыргызстанда
1 жылда 100-110 миң тонна шекер
колдонулат. Муну бүгүн, 26-февралда парламент жыйынында экономика министри
Темир Сариев билдирди. Айтымында, 2013-жылы
өлкөдө 29 миң тонна шекер өндүрүлдү.
“Былтыр 7,2 миң гектар жерге кант кызылчасы
эгилсе, быйыл дыйкандар 9 миң гектар жерге кант кызылчасын айдаганы жатышат.
Дыйкандарга колдоо көрсөтсөк, 200 миң адам иш менен камсыздалат”,- деди Сариев.