Бишкектеги борбордук соода түйүндөрүндө 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамына карата бөлмө гүлдөрүнүн көргөзмө-жарманкеси өтөт. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, 5-марттан 8-мартка чейин идишке отургузулган гүлдөр көргөзмөгө коюлат. Катышуучулар гүлдөр тууралуу кеңеш алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Иш-чара "Рахат-Palas" соода борборунда саат 10:00дөн 18:00гө чейин өтөт.