Жоомарт Сапарбаев: “Бажы биримдигине кирүүдөн жарым жыл мурун элге жарыялаш керек”

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши жарым жыл мурун элге жарыяланышы керек. Муну бүгүн, 26-февралда парламент жыйынында депутат Жоомарт Сапарбаев билдирди. Айтымында, биримдикке кошулууда ишкерлер сөзсүз алдын ала даярдык көрүшү керек.

“Бүгүнкү күндө эмерек жасоо, кийим-кече менен алектенген ишкерлер Орусия менен иштешпейт. Кытай, Түркия жана Араб Эмираттары менен иштешип жатышат. Аларга алдын ала эскертүү берилиши керек. Анткени бул маселеде ири суммадагы акчалар, көптөгөн тагдырлар жатат”,- деди Сапарбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан