Турсунбай Бакир уулу өкмөттү ата мекендик кондитер фирмаларын колдоого чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу өкмөттү ата мекендик кондитер фирмаларын колдоого чакырды. Муну депутат бүгүн, 26-февралда парламент жыйынында айтты. Ал билдиргендей, өлкөдө көбүнчө Украинанын азыктары колдонулууда.

“Кыргыздар тойго себет көтөрүп барабыз. Карасаң жалаң эле Украинанын момпосуй, токочтору. Кыргызстанда бул жатта иштегендерди колдоого алыш керек”,- деди Бакир уулу.

Депутат өлкөдө колдонулуп жаткан дарылардын көпчүлүгү Украинаныкы экенин да кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан