Депутаттар сырттан алынып келинген көчөттөргө бажы төлөмдөрүн алып салууну сунушташты

Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов сырттан алынып келинген көчөттөр үчүн бажы төлөмүн алып салууну сунуштады. Ал билдиргендей, учурда Кыргызстанда жаңы түрдөгү көчөттөргө талап күчтүү.

“Муну мурда да көтөрдүм эле. Эл жаңы көчөттөргө муктаж болууда”,- деди Сулайманов.

Экономика министри Темир Сариев муну колдой турганын, сунушту мыйзам долбооруна кошо турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан