Депутаттар Америкадан тоок этин алып келүүгө тыюу салууну сунуштоодо

Парламенттин 26-февралдагы жыйынында депутат Курмантай Абдиев кыргызстандыктар жегенге болбой турган азыктар менен тамактанып жатканын дагы бир жолу көтөрдү. Айтымында, Америкадан алынып келинген тоок этин (окорочка) колдонууга мүмкүн эмес.

“Жумуртканы 10 күн тургандан кийин жегенге болбойт, токко бастырууга гана болот. Бизде бир нече айлап сакталып турат го? Өткөндө бир адис “Америкадан алынып келинген окорочка эт эмес, сагыз” деп айтты. Биз аны колдонуп эле жатабыз. Бажы төлөмдөрүн көтөрүп, Америкадан келчү тоок этине тыюу салышыбыз керек”,- дейт Абдиев.

Депутат Кытайдан келген торлордун айынан Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балыктар кырылып жатканын эске салды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан