Бүгүн, 26-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн вице-премьер-министри Токон Мамытовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн укук коргоо органдарынын ишмердигине тиешелүү маселелер каралды. Ошондой эле тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен вице-премьер-министр Токон Мамытов КРнын мамлекеттик чек арасын коргоо жана бекемдөө маселелерин да талкуулашты.