Бүгүн, 26-февралда Улуттук оппозициялык кыймылынын жыйынында ЖКнын депутаты Өмүрбек Абдрахмановдун демилгеси менен Украинада 80ге жакын каза тапкандарды бир мүнөттүк эскерүү жарыяланды.
Белгилей кетсек, Украинадагы ноябрь айынан бери уланган нааразылык акциясында кан төгүлүүлөрдүн саны көбөйгөн. Полиция менен митингчилердин кагылышында имараттар өрттөлүп, жарандарга да, укук коргоочуларга да ок чыгарылган. Андан кийин президент Виктор Янукович оппозиция менен бир пикирге келип, 2004-жылкы Конституцияга кайтып келүү, коалициялык өкмөт түзүү жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө макул болгон. Ага ылайык, Юлия Тимошенко абактан бошотулуп, президенттик шайлоого аттанарын билдирди.