Кыргызстанда сапаттуу шире даярдоо үчүн керектүү пюре чыгара турган завод жок

Кыргызстанда сапаттуу шире чыгарууга колдонулуучу пюре (суусундук чыгарууга керектүү чийки зат) чыгара турган завод жок. Муну парламенттин 26-февралдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди.“Пюрени баары бир сырттан алып келүүгө мажбурбуз. Андай пюре чыгара турган завод бизде жок, кура да албайбыз. Дүйнөдө аны чыгаруучу саналуу гана компания бар”,- деди министр. Депутаттар Кыргызстандагы алмалар сатылбай жатканда, өлкөгө сырттан пюре алып кирүүгө эмне үчүн жеңилдик берилип жатканын сурашкан эле.   

Эскерте кетсек, сапаттуу ширени (кагаз идиштеги шире) чыгарууга керектелүүчү пюрени Кыргызстанга алып кирүүдө бажы төлөмдөрүн алуу жоюлганы жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан