Кыргызстан айыл чарба азык-түлүктөрүнөн эт, сүт жана картошка боюнча гана өзүн-өзү камсыздай алат. Муну парламенттин 26-февралдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев айтты. “Кыргызстанда сүт жетиштүү өндүрүлөт, аны экспорттосок да болот. Мындан сырткары эт жана картошка бар. Эң башкысы, өзүбүздө өндүрүлө турган азык-түлүктөрдүн импортун азайтышыбыз керек”,- деди министр.