"Кыргызстанды Атамбаев эмес, анын айдоочусу Икрамжан башкарат" дейт “Каршылык көрсөтүү” кыймылынын лидери Өмүрбек Суваналиев

Бүгүн, 26-февралда Улуттук оппозициялык кыймылынын жыйынында “Каршылык көрсөтүү” кыймылынын лидери Өмүрбек Суваналиев: “Кыргызстанды Алмазбек Атамбаев эмес, анын айдоочусу Икрамжан (ред. Илмиянов) башкарат”,- деп билдирди.

Анын айтымында, КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөдө кризис болуп жатканын билбейт.

“Мунун себеби, ал өлкөнү башкарбайт. Бул милдетти анын айдоочусу Икрамжан аткарат. Ага “Шумахер” деген лакап ат жакында коюлган”,- дейт Өмүрбек Суваналиев.

“Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинге ишенип, “ал мага жардам берет” деп келе жатат. Белгилей кетсем, Украинанын экс-президенти Янукович да ошентип айткан. Мына эми баарыбыз натыйжасын көрүп жатабыз”,- деди Суваналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан