Анарбек Калматов: “Кыргызстанда дүйнөлүк стандарттарга туура келген салык системин иштеп чыгуу керек”

“Салыктарды көтөрүү менен эле Кыргызстандын экономикасын оңдосо болот” деген пикир туура эмес. Муну бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Анарбек Калматов “Парламент” көрсөтүүсүнө берген маегинде билдирди. Айтымында, бизнес чөйрөсү тарабынан "өлкөдө салыктардын түрү көп" деген пикирлер айтылууда. Ошондуктан салык тизмесин карап чыгып, дүйнөлүк стандарттарга туура келген системди иштеп чыгуу керек.

“Чакан жана орто бизнес экономиканы өнүктүрүүнүн өбөлгөсү болуп келген фактылар көп кездешет. Демек, чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө шарт түзүү, ага инвестиция тартуу жакшы натыйжаларга алып келери талашсыз”,- деди Калматов.

Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, кабыл алынган мыйзамдардын иштешин камсыз кылуу, өң тааныш адамдарга эмес, мыйзамдарга таянып иштөө чет элдик каржы уюмдарын тартып, ишти алдыга жылдырууга өбөлгө болорун айтат депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан