Эркингүл Иманкожоева: “Мөңгүнү талкалоо менен алтын казуу дүйнөдө жок”

Мөңгүнү талкалап, алдынан алтын казып алуу практикасы дүйнөдө жок. Муну бүгүн, 26-февралда “Парламент” радиосунун түз байланышында депутат Эркингүл Иманкожоева билдирди. Айтымында, Жогорку Кеңеште мөңгүлөр боюнча мыйзам долбоору каралууда.

“Кумтөр” кениндегилер 2 мөңгүнү талкалап бүтүштү. Ушундай темп менен кете берсе, дагы бир топ мөңгүлөрдү талкалашы мүмкүн. Мыйзам кабыл алынып калса, ал жердеги мөңгүлөр кол тийгис болот. Алтын казып алуу иши жер алдынан гана жүргүзүлөт”,- деди Иманкожоева.

Депутат мыйзамдын ишке кириши менен мөңгүлөргө жакын жерге калдыктарды, химиялык заттарды төгүүгө тыюу салынарын айтып өттү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан