Жогорку Кеңеште бүгүн, 26-февралда депутаттардын, министрлердин жардамчыларын сынак аркылуу гана ишке алуу маселеси каралууда. Мыйзам долбоорунда кемчиликтер бар экенин депутат Курманбек Осмонов белгиледи.
“Учурда айрым депутаттардын жардамчылары мурда министр, депутат болуп иштеген адамдар. Мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жетиштүү. Мисалы, мен кийин (ред. мыйзам долбоорунун автору Курмантай Абдиевге) “сизге жардамчы болом” десем, сиз мени жаш балдарга кошуп сынактан өтүп келүүгө жөнөтсөңүз туура эмес болуп калат. Бул маселени жакшылап карап чыгыш керек экен”,- деди Осмонов.
Айтылган пикир жүйөлүү экенин айткан Курмантай Абдиев сунуштарды кабыл алууга даяр экенин билдирди.