Жогорку Кеңеште бүгүн, 26-февралда КРнын Эсептөө палатасынын 2012-жылдагы иши боюнча отчёту угулууда. Палатанын төрайымы Элмира Ибраимова трибунадан кыргыз тилинде баяндама жасады. Кыргызча кыйналып сүйлөдү.
Депутат Турсунбай Бакир уулу ага кыргызча сүйлөгөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
“Эсептөө палатасына төрайым болуп жаңы дайындалганыңызда “атаңызды уят кылбай жакшы иштеңиз” деген элем. Кыргыз тилинде баяндама жасадыңыз, рахмат. Кыргызстанда бир дагы көрүнүктүү инсандын балдары кыргыз тилинде сүйлөчү эмес. Өткөндө Насирдин Исановдун кызынын кыргызча сүйлөгөнүн көрүп ыраазы болдум”,- деди Бакир уулу.
Эскерте кетсек, Элмира Ибраимова белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргызстандын 1978-80-жылдардагы премьер-министри Султан Ибраимовдун кызы.