Федералдык миграциялык кызматы 600 миңден ашуун чет элдик жарандарга Орусиянын
аймагына кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу аталган кызматтын башчысы
Константин Ромодановский Орусия Федерациясынын Президенти
Владимир Путин менен жолугушуусунда билдирди.
“Биз бүгүнкү күндө 600 миңден ашык чет өлкөлүк жаранга кирүүгө тыюу салдык. Алардын
басымдуу бөлүгү КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү. Өткөн жылы өлкөгө кирген 17,7 миллион
адамдын 12,4 миллиону иштөө үчүн келгендер. Алардын 40 пайызы мыйзамдуу түрдө
иштесе, 60 пайызы кирүү режимдерин бузуп, мыйзамсыз иштегендер”,- деди Ромодановский. Мындан сырткары бул тармакта 42 мыйзам бекитилип, анын жарымы мыйзамсыз миграцияга
багытталганын айтты.