№37-жатак-абагы менен “Металл Колор Технолоджи” ишканасы металл жабдууларын өндүрүү боюнча келишим түзүшкөн. Анда темир керебет, дарбаза, мангал жана башка турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар жасалат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 26-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, түзөтүү мекемесинде жумуш орундарын түзүү - кылмыш-жаза аткаруу системиндеги приоритеттүү кадамдардын бири. Бул абакта отургандардын жакшы иш менен алек болуусуна шарт түзүп, коомчулук менен аралашуусуна өбөлгө болот. Аларга айлык акы да каралган.