Бүгүн, 26-февралда Баткен ОИИББинин башчысы, милициянын полковниги Анарбай Алимбеков жана мамлекеттик администрациясынын коргонуу бөлүмүнүн жетекчиси Адыбек Набиев кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Таш-Тумшук айылындагы эл менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алар Таш-Тумшук толук эмес мектебине кирип, мугалимдер жана окуучулар менен жакындан таанышып чыгышты. Чогулган эл чек ара кызматкерлерине бир топ сын-пикирлерди айтышты.
Маалымат үчүн: Баткен районунун Ак-Татыр айыл округуна караштуу Таш-Тумшук айылы Тажик Республикасынын Исфара районундагы айылдар менен чектешкен. Бул айылда жалпысынан 149 кожолук, башкача айтканда, 480 атуул жашайт. Айылда толук эмес 1 мектеп, 1 бала бакча жайгашкан. Мектепке барыш үчүн окуучулар тажик чек арасын аралап 2 чакырым жол жүрүшүп, Үч-Дөбө айылындагы мектептерде билим алышат.
Аталган айыл таза суу менен камсыз болгон эмес, ошондуктан кыргыздар тажик чек арасына барып, суу ташып ичишет. Бул айыл тажик коңшулар менен шахмат түрүндө жайгашкандыктан, майда-барат чырлар көп чыгат. Маселен, сууга барган аялдарга тажиктин эркектери тийише коюп же болбосо мектепке бараткан окуучуларды жаш балдар таш менен урушат.