2013-жылдын жыйынтыгы менен Бишкек шаары боюнча соода кызматынын көлөмү 105,9 пайызга өскөн. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда соода түйүндөрү шаар тургундарын күнүмдүк керектелүүчү товарлар менен толук камсыз кылууда. Бишкек шаарында 3 миңден ашуун соода жана коомдук тамактануу жайлары, 3 миң тейлөө мекемелери, 4 миңден ашуун күркө иш алып барат. Бул тармакта 106 миңден ашык адам эмгектенет.