Жогорку Кеңеште бүгүн, 26-февралда “КРнын мөңгүлөрү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Эркингүл Иманкожоева буга чейин өлкөдө мөңгүлөр боюнча мыйзам иштебегенин айтат.
“Кумтөр” боюнча мөңгүлөргө келтирилген зыянды төлөтүү кыйын болууда. Мөңгүнү эритип суу кылып эсептейли десек, канадалык тарап “Кайсы мыйзамдар боюнча чара көргөнү жатасыңар?” деп жатат. Мыйзам кабыл алынып калса, аталган ишканадагы экология маселелери жөнгө салына баштамак”,- деди депутат.