ЖКнын тармактык комитети Ошто “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулады

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 25-февралда Ош шаарында “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча шаардык кеңештин депутаттарынын катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү. Жыйынга депутаттар, жергиликтүү тургундар, ветеринария тармагынын өкүлдөрү катышты.

Депутат Талант Узакбаев мыйзам долбоору малды ар кандай ылаңдардан коргоого, сапаттуу ветеринардык-санитардык мамиле жасоого жана коопсуз мал чарба продукциялары менен камсыз кылууга, мал азыктарын жогорулатууга багытталганын айтты. Катышуучулар ветеринарлардын эмгек акылары, айыл жерлеринде ветеринардык дарыгерлерге шарттарды түзүү, алардын кадыр-баркын жогорулатуу боюнча сунуштарын билдиришти.

Жыйынтыгында сунуштарды эске алуу менен аталган мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан