27-февралда Бишкек шаарынын айрым аймактарында электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы бүгүн, 26-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, саат 10:00дөн 17:00гө чейин Кызыл куруучу конушундагы №1504-трансформатору капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт. Буга байланыштуу аталган аймакта жарык өчөт.