Акыйкатчы институтунда 2012-жылы 8 кызматкер иштен бошотулган. Муну бүгүн, 26-февралда парламент жыйынында акыйкатчы Бактыбек Аманбаев билдирди. Айтымында, ал кызматкерлер иштен бошотулганы үчүн сотко арызданып, сот иштери үчүн Акыйкатчы институтунун бюджетине 2 миллион сомдой зыян келтирилген.
Акыйкатчы 2013-жылы аталган мекемедеги бир дагы кызматкер кошумча айлык акы албаганын айтып өттү.