Өкмөт жооп берет: Мен II топтогу майыпмын. Багып алган эки балама кантип жөлөк пул алсам болот?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Мен II топтогу майыпмын. Эки бала багып алгам. Аларга жөлөк пул алсам болобу? Кимге кайрылып, кантип ала алам? Суроо калтырган Зейнеп Рахманалиева

Жооп: - Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү” №318-мыйзамына ылайык, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул үй-бүлөнүн жан башына туура келген жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө бөлгөндө кепилденген эң төмөнкү кирешенин 640 сом өлчөмүнөн ашпаган шартта дайындалат.

Жогорудагы мыйзамга ылайык, эгерде үй-бүлөнүн жан башына туура келген жыйынды кирешеси кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн ашпаган шартта, жашаган (катталган) жери же иш жүзүндө жашаган (убактылуу катталган) жери боюнча төмөндөгүчө кайрылууну сунуштайбыз:

- айыл жеринде жашагандар - айыл өкмөтүнө;

- шаарда жашагандар - Социалдык өнүгүү башкармалыгына.

Үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо негизги иши окуусу боюнча алынган кирешелер (эмгек акы, стипендия ж.б.), негизги иши эмес боюнча алынган кирешелер (КР мыйзамына ылайык алынчу алименттер, белекке алуу, мураска калтыруу ж.б.), экономикалык иш (ишкердик, патент) жүргүзүүдөн, жер үлүшүнөн алынган кирешелер жана Социалдык фонд аркылуу төлөнүп жаткан пенсиялар кирет. Ал эми Социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан алынган социалдык жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесин аныктоодо эсепке алынбайт.

Суроого Социалдык өнүктүрүү министрлигинин ММКлар менен иштөө боюнча адиси Кымбат Кадыралиева жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан