Мамлекет башчы Орусия президенти Путинди мелдештин жалпы эсебинде Орусия курама командасынын ишенимдүү жеңиши менен куттуктады жана эл аралык деңгээлдеги иш-чаранын мыкты уюштурулганын белгиледи. Атамбаев мунун баары Путиндин жеке ийгилиги да болуп саналарын айтат.
Путинге чың ден соолук, ийгилик, ал эми Орусия элине бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүү каалады өлкө жетекчиси.