Асылбек Жээнбеков Корея Республикасындагы кыргызстандыктар менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Корея Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөдө жашаган мекендештерибиз менен жолугушту. Бул тууралуу 26-февралда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда миграция, билим берүү жаатындагы маселелер талкууланды. "Орусия, Казакстанда мигранттарыбыз арбын. Мындан бөлөк өнүккөн өлкөлөрдө эмгектенүү үчүн квотаны көбөйтүү жагын караштырса болобу? Мисалы, Сеулда иштеген кыргыздар убагында айлык алышат, көчөдө калгандары жок" деген суроого төрага мигранттардын өлкөбүздүн экономикасына кошкон салымы зор экенин баса белгиледи. 

"Сыртта эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин экономикабызга кошкон салымы чоң. Силер өзүңөрдү гана эмес, айылдагы үй-бүлөңөрдү багып жатасыңар. Улуттук ассамблеянын спикери Канг Чанг Хи менен жолугушканымда ушул квота маселеси көтөрүлдү. Ал бул жаатта көмөк көрсөтөрүн билдирди",- деди Жээнбеков. Мындан сырткары башка өнүккөн өлкөлөр менен да квотанын көлөмүн көбөйтүү максатында иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан