Турсунбай Бакир уулу акыйкатчыга “отчётту өзүңүз жазып жүрүңүз” деп кеңеш берди

Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу акыйкатчы Бактыбек Аманбаевге “ар дайым отчётту өз колуңуз менен жазып жүрүңүз” деп кеңеш айтты. Айтымында, мурунку акыйкатчы отчётуна ар кайсы жактан алган маалыматтарды көчүрүп койчу.

“2010-2011-жылдары акыйкатчыны далай сындаганбыз. Акыйкатчы гезиттерге чыккан маалыматтарды жана бейөкмөт уюмдардын отчётунан көчүрүп алчу. Сиз мындай кылбаңыз, өз колуңуз менен жазсаңыз, эсиңизде да көп нерсе калат”,- деди Бакир уулу.

Айта кетсек, парламентте бүгүн, 26-февралда акыйкатчы 2012-жыл боюнча отчёт берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан