Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Корея Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөдө жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Сеулдагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган Нурсултан Алтыбаев сыртта билим алуу жаатында мамлекеттик программа иштеп чыгуу демилгесин көтөрдү. Мындай сунушту колдогон А.Жээнбеков илим-билимге умтулган жаштарды колдоп, алардын билим алышына шарт түзүү керектигин баса белгилеп, бул багытта жаңы программа жакынкы аралыкта ишке кирерин айтты.
«Бюджеттик негизде окутуунун табиятын өзгөртүү зарыл. Кээде акча, тааныш-билиштин арты менен жогорку окуу жайга өтүп кеткен көрүнүштөр бар. Парламенттеги тийиштүү комитет Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте бюджеттик негизде билим берүүнү тартипке келтирүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Билимге умтулган улан-кыздар өзүбүздө болсо өзүбүздө, чет өлкөдө болсо чет өлкөдө окушуна шарт түзүп беришибиз керек. Быйыл ушул максатта жаңы программаны ишке киргизебиз. Билим берүү жана илим министрлиги ошол программанын алкагында иш алып барат»,- деди Жээнбеков.
Ошондой эле сыртта билим алып жаткан жаштарды келечекте мекенине кайтып барып, билимин, тажрыйбасын өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн жумшоого чакырды. Жолугушууда Кыргызстанда жыл өткөн сайын айлык акылардын көлөмү көбөйүп жатканы айтылып, бул сыртта эмгектенип, тажрыйба топтоп, билим алып жүргөн жаштардын мекенине кайтуусуна оң таасирин тийгизери белгиленди.
Мындан сырткары негизги көйгөйлөрдүн бири катары Кыргызстандан Корея Республикасына түз аба каттамы жоктугу айтылды. Казакстан, Өзбекстан аркылуу каттоо убакытты алып, чөнтөккө дагы зыян тийгизерин айткан мигранттар Бишкек-Сеул же Ош-Бишкек-Сеул аба каттамын ачуу маселесин көтөрүштү.
Буга байланыштуу төрага Кыргызстанда авиа тармагында коррупцияга бөгөт коюлуп, билеттер эки эсеге арзандаганын жана бул натыйжага жетишүүгө А.Атамбаев да чоң салым кошконун белгиледи.
Ошондой эле Москва шаарына, Европа өлкөлөрүнө болгон авиабилеттин баасы арзандап, Бишкектен Ошко айрым авиакомпаниялар 1000 сом менен жүргүнчүлөрдү ташып жатканын мисал келтирип, Ош-Бишкек-Сеул аба каттамын ачууга мүмкүн экендигин кошумчалады. Бул тууралуу 26-февралда ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады.