“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди бошотуп жиберүү фактысы боюнча тийиштүү жетекчилер жазасын алышы керек. Муну парламенттин 26-февралдагы жыйынында акыйкатчы Бактыбек Аманбаев айтты.
“Мен акыйкатчы болуп жаңы дайындалганда эле бул окуя боюнча пикиримди айткам. Тийиштүү жетекчилер сөзсүз жазасын алышы керек. Бул окуя боюнча парламент токтому аткарылышы керек” ,- деди Аманбаев.