Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри Канат Садыков КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери менен жолукту. Бул тууралуу 26-февралда аталган окуу жайдын студенттик кеңешинин төрагасы Мырзахит Мырзаев билдирди. Анын айтымында, министр "Билим берүүнүн сапатын кандай жолдор менен көтөрүү керек?" деген темада лекция окуп, студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берди. Ошондой эле билим берүү тармагындагы коррупцияга бөгөт коюу, стипендия жана жалпы республикалык тестирлөө, мугалимдердин эмгек акысы талкууга алынды.