Асылбек Жээнбеков Түштүк Кореяда мамлекеттик компаниялардын жетекчилери менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 25-февралда Түштүк Кореянын Экспорттук-импорттук банкынын президенти Нам Ки Суп, Чакан жана орто бизнес мамлекеттик корпорациясынын башчысы Пак Чоль Гю, Текстиль өнөр жай федерациясынын башкы катчысы Юн Су Йонг жана башкалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жээнбеков Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар, коррупция менен күрөш жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди.

Жолугушууларда аталган корпорациялардын Кыргызстанга инвестиция кылууга багытталган долбоорлору талкууланды. Долбоорлордун потенциалын дыкат иликтөө үчүн бул компаниялардын өкүлдөрүн Кыргызстанга жиберүү жөнүндө келишим түзүлдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан