Бүгүн АКШ элчилигинин алдында нааразылык акциясы өтөт

Бүгүн, 27-февралда Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин алдында нааразылык акциясы өтөт. Бул тууралуу “Калыс” саясий кыймылынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Батыш өлкөлөрүнүн колдоосу жана каржылоосу менен Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдар жана фонддор аркылуу гейлерди жана бисексуалдарды пропагандалоо күч алганы айтылат.    
“Бул кыргыздардын каада-салтына, маданиятына, баалуулуктарына каршы келет. Элге жагымсыз нерселерди таңуулоо менен мамлекеттин ички саясатына кийлигишүүдө. Бүгүн батыштын жагымсыз саясатына каршылык көргөзбөсөк, эртең кеч болуп калат”,- деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан