Ош. Мэрияда бош орундарга жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгарылды

Ош шаарынын мэриясы бош орундарга жарыялаган сынактын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кайымов Талантбек Тилекматович - Ош шаарынын мэриясынын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. 

Момунов Сайпидин Эсеналиевич – Ош шаарынын шаар куруу, муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы; Исраилов Мирлан Кубанычович – Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департаментинин жетекчиси;

Борбоев Аширали Маматканович – Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары;

Мирзабаев Равшан Хекматуллаевич - Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адистигине дайындалды.

Эске салсак, 20-февралда Ош шаарынын мэриясы бош кызмат орундарына сынак өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан