Кара-Кече окуясы. Жумгалдагы элдик соттон кийин дайынсыз жоголгон милиция кызматкерин издөө иштери уланат

Бүгүн Жумгалдагы элдик соттон кийин дайынсыз жоголгон милиция кызматкери Рустам Токтогуловду издөө иштери уланат. Дээрлик бир жумадан бери андан дайын жок. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда жоголгон милиция кызматкеринин жубайы Анара Касымова билдирди. “Коомчулукта ар кандай кептер айтылып жатат. "Өзүнүн эле туугандары катып алышты" дегендер да бар. Бири "башын таш менен жарып, Көкөмерен суусуна салып жиберген" дешүүдө. Өлүгү же тирүүсү билинбей жатат. Бүгүн да 3 унаа менен Жумгалга кетип жатабыз”,- деди Касымова.

Эскерте кетсек, Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары 20-февралда болгон сот отурумунда жаңжал чыгарышкан. Анда айыпталып жаткан 3 милиция кызматкерин көздөй күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр ыргытылып, залда өрт чыккан. Натыйжада бир милиция кызматкери катуу сабалып, күйүк алган. Экинчисин Жумгал суусуна ыргытып жиберишкен. Ал эми үчүнчүсүн милиция кызматкерлери аман алып калышкан.

Ал эми 21-февралда Жумгалдагы элдик сот боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан