Жалал-Абад облусунун аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу максатында ушул жылдын 1-мартынан 1-июнуна чейин үч айлык жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жакшылык Стамбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук мамлекеттик администрация башчыларына, шаарлардын мэрлерине, облустук башкармалыктардын, мекеме-уюмдардын, ишканалардын жетекчилерине жарыяланган үч айлыктагы иш- чаранын аткарылышы милдеттендирилет. Үч айлыктын иш планына калктуу конуштардагы эс алуучу жайларга, сейил бактарга, аллеяларга, автожолдордун, көчөлөрдүн четтерине, административдик имараттардын айланасына дарактардын, гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузуу, айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү жана бул иш-чарага жалпы калкты тартуу иштери киргизилген.
Ошондой эле жолдорду, тротуарларды оңдоо, көчөлөрдү түнкүсүн жарыктандыруу системин жакшыртуу, каналдарды тазалоо, дарыя жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүү, көчөттөрдү отургузуу жана алардын көктөшүнө ыңгайлуу шарттарды жаратуу камтылган.