“Баткенден кечээ келдим, айрымдар менин себимди даярдап, депутаттык топко мүчө кылып коюшуптур. Мен эч кандай топко кирген жокмун, муну журналисттерге билдирип коёюн”,- деди Мамырова.
Эскерте кетсек, ЖКнын 26-февралдагы жыйынында депутат Равшан Жээнбеков “Демократтар” деген жаңы топ түзүлгөнүн, ага депутаттар Бөдөш Мамырова, Исмаил Исаков, Өмүрбек Абдрахманов жана өзү киргенин жарыялаган эле.