Баткенде баңгизатын алып жүргөн жаран кармалды

Баткен облусунда 2 килограмм 15 грамм салмагындагы баңгизатын алып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Баткен ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 21 жаштагы М.С. аттуу жаран баңгизатты көк түстөгү полиэтилен пакетине салынып, скотч менен оролгон баштыкчада алып жүргөн жеринен колго түшкөн.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан