Жогорку Кеңештин
жыйынында депутат
Өмүрбек Абдрахманов:
“Орусия бизге Күн, жакындасак күйүп калабыз, алыстасак тоңобуз”,- деди.
Өлкөнүн стратегиялык мааниси бар тармактары Орусиянын колуна өтүп жатканын айткан
Өмүрбек мырза орус депутаты
Владимир
Жириновскийдин айткан сөзүн сынга алды.
“Бир эле Жириновский эмес, Мамдуманын башка
депутаттары да “Крымды өзүнчө бөлүп алабыз” деп, ал гана эмес, Борбор Азия мамлекеттерин
да кошуп алууну айтышууда. Муну Орусиянын телеканалдары күндө көрсөтүүдө. Бул
боюнча маселе көтөрүш керек”,- деди эл өкүлү.