27-28-февралда Ош шаарында У.Алиевдин жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча аймактык турнир өтөт. Бул тууралуу ШИИББдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Милициянин полковниги Уран Алиевдин элесине арналган эки күндүк таймашта өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан ИИМдин бөлүктөрүнүн командалары беттешет. Жеңүүчүлөр үчүн атайын сыйлыктар даярдалган. Беттештер “Динамо” спорттук клубунда өтөт.