“Бир жаңжал чыкса эле өкмөт Курсан Асановду жөнөтүүгө шашат. Бүгүн Ошто болсо, эртең Ысык-Көлдө, акыркы күндөрү Баткенден башы чыкпай калды. Төрага жок дегенде Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын берип коюуну ойлобойт. Өкмөт башчы да көңүл бурбай жатат. Адилеттүүлүк кана? Элге кызмат кылган эр азаматтардын эмгеги бааланышы керек”.