Алмазбек Атамбаев: “Украина эли биримдигин сактап, бардык кыйынчылыктарды жеңет деп ишенем”

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Украинадагы кырдаал боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Киевде болгон окуялардын кесепетинен жүзгө жакын адам каза тапты. Бул Украина эли үчүн чындыгында эле трагедия, ошондуктан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтабыз. Украина эли биримдигин сактап, бардык кыйынчылыктарды жеңет деп ишенебиз",- дейт Алмазбек Атамбаев.

Анын айтымында, өз мезгилинде Бакиевдердин үй-бүлөлүк кандуу режиминин башкаруусунун соңунда  Кыргызстан ушул өңдүү сыноолорду баштан кечирген. Бүгүн Кыргызстан эли өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алды. 

"Украинанын эл аралык өнөктөштөрү өз ниеттеринде жана аракеттеринде ырааттуу болуп, кырдаалдан чыгууга реалдуу жардам көрсөтөт деп терең ишенебиз. Эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен колдоосу болбосо кыйынчылыктарды жеңүү канчалык кыйын экенин 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийинки Кыргызстандын тажрыйбасы көрсөттү. Тилекке каршы, Бакиевдердин кланы тарабынан уурдалып кеткен каражаттар азыркыга чейин батыш банктарында сакталууда. Ал эми трагедиянын башкы күнөөкөрлөрү Лондондо жана Минскте жашынып жатышат”,- деди өлкө башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан