“Алардын сөзүн угуп отурсаң, Кыргызстанда жашоого мүмкүн болбой калыптыр. Иш жүзүндө андай эмес. КМШда Кыргызстандан өткөн демократиялуу мамлекет жок. Сөз эркиндиги ашып-ташууда. Булар шайлоо жолу менен бийликке келүүгө көздөрү жетпейт, анткени мурда жасаган иштери жетиштүү добуш алууга тоскоол болот. Ээрчий турган тарапташтары жок. Булар төңкөрүш жолу менен гана бийликке келмекчи”,- деди депутат.