Жогорку Кеңештин 27-февралдагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова чек арачыларга өкмөт чара көрбөй жатканын айтып чыкты. Ал билдиргендей, Баткендеги чек арачылардын үйлөрү оор абалда.
“Чек арачылардын үйлөрүнүн чатыры жок, тамчы өтөт экен. Шарт түзүп бербей эле алардан талап кыла берүү да туура эмес”,- деди депутат. Наамдар боюнча пикир айткан депутат Баткен облусунун башчысы Жеңиш Разаковду мисал келтирди.
“Оор кырдаалда аймакты көзөмөлдөп жаткан Жеңиш Разаков наамга татыктуу эмеспи? Курсан Асановду (ред. ички иштер министринин орун басары) болсо биротоло "өрт өчүрүүчү" кылып алдыңар. Кайсы жерде жаңжал чыкса, тиешеси бар-жогуна карабай ошол жерде жүрөт. Бул маселени да карап чыгыш керек”,- дейт Мамырова.