“Монголия Бажы биримдиги жок эле өнүгүп жатат”,- деди депутат Өмүрбек Абдрахманов ЖКнын 27-февралдагы жыйынында. Анын айтымында, биримдикке кирсе, кыргызстандыктардын жашоосу кескин оорлойт.
“Эл эки эсе кедей болот, анткени баалар эки эсе кымбаттайт. Монголия Бажы биримдигисиз эле өнүгүп жатат го? Бизден беш эсе алдыда”,- дейт Абдрахманов.