“Мейли, биз уруштук дейли. Тууганым аялы үчүн дарыгер менен чырдашсын, кылмыш иши козголду. Бирок дарыгердин айынан каза тапкан аял боюнча ким жооп берет? Эки баласы жетим калды, адилеттүүлүк кана?”- дейт Мурашев.
Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук госпиталда депутат жана анын тууганы менен дарыгердин ортосунда чатак чыккан. Дарыгер депутаттын кол көтөргөнүн айтса, депутат андай болбогонун, дарыгердин шалаакылыгынан тууганы каза болуп калганын айтып келген.